Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-2 | Муркут айылы |
Айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовдун 23.02.2026. №01-19/160 сандуу каты тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы” министрлигине караштуу, Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин алдында атайын машина-трактордук станция (МТС) түзүү тапшырмалары боюнча айыл өкмөт башчысынын билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, жана айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айтамга айылына караштуу Гараж бөлүмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги машина-трактордук паркынын жалпы 3,08 га жер аянтынын ичинен 1,00 га жер аянтын машина-трактордук станция (МТС) түзүү үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Белгиленген 1,00 га жер аянтынын тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана жер адиси Д. Балтабаевке тапшырылсын.
3. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |