Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-3 | Муркут айылы |
Айыл аймагындагы СПАга тиешелүү ички арыктарды райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү тууралуу
Төөлөс айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассосациясынын жана ээси жок ирригациялык, мелиоративдик ички арыктарды натыйжалуу тейлөө жана пайдалануу, суу чарба тармагындагы башкарууну оптималдаштыруу максатында, Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын маалыматы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги СПАга тиешелүү бардык ирригациялык ички арыктар суу чарба башкармалыгынын эсебине өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу менен ички ирригациялык арыктарды өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди (өткөрүп берүү актысы ж.б.) даярдоо жагы МИнин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөт башчысына жана жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |