Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-4 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын наркы жөнүндө
Ноокат райондук салык башкармалыгынын 19.02.2026. № 01-3/279 сандуу катындагы билдирүү менен айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы өз отурумунда таанышып жана талкуулап, кабыл алган чечимине, КР “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74-75-76 беренелерине жана КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагындагы жергиликтүү калктын таштанды салыгы үчүн жыйымдын төлөмү ар бир жан башына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төөлөс айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар, ишкердик үчүн арналган имараттарда иштеген жумушчулардын санына карата, ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери, таштанды жыйымын жыйноону 2026-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен аяктоо иштерин колго алышсын.
4. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |