Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-5 | Муркут айылы |
“К. Абдулазизов” көчөсүн кайра атоо жөнүндө
Муркут айылындагы “К. Абдулазизов” көчөсү, “Ашим Асанов” көчөсү деп катачылык менен катталып калгандыгы, жана ошол катаны оңдоп кайрадан К. Абдулазизов көчөсү деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү жергиликтүү жашоочулардын арызы менен таанышып жана талкуулап, КР “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына жана КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана “Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Муркут айылынындагы “К. Абдулазизов” көчөсү “Ашим Асанов” көчөсү деп катачылык менен катталып калгандыгына байланыштуу кайрадан “К. Абдулазизов” көчөсү деп өзгөртүлүп аталсын.
2. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн жаңыдан аталган көчөнү кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Балтабаевке милдеттендирилсин.
3. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |