Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-6 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагындагы Торутай калктуу конушунун жашоочуларынын 2026–жылдын 16-мартындагы калктуу конушка айыл статусун алуу жөнүндөгү жалпы жыйынынын чечимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагындагы Торутай калктуу конушунун жашоочуларынын калктуу конушка айыл статусун берүү жөнүндө кабыл алган чечими бекитилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтү, Торутай калктуу конушуна айыл статусун алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш-чараларды алып барсын жана бул иш-чараларга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржыласын.
3. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан Төөлөс айыл аймагынын Торутай калктуу конушуна айыл статусун алуу иштеринде көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
4. Төөлөс айылдык кеңешинин V-чакырылышынын 22-сентябрь 2014–жылы кабыл алынган № 19-4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
6. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төөлөс айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Каразаков |