Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 03-апрели №17-7 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу “Хово” авто унаасын лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Хово” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу авто унаасын лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчиликке алып, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, Айыл Банк Ачык Акционердик Коомунун Ноокат филиалынан “Хово” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу авто унаасын лизинг аркылуу 3 7000 000 (үч миллион жети жүз мин) сом менен 8 пайыздык төлөм менен 5-жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
2. Өздүк салым, камсыздандыруу жана башка чыгымдары Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Алынып жаткан авто унаасы сөзсүз түрдө камсыздандыруу уюмдарына лизингдин бүт мөөнөт ичине камсыздандырылсын.
4. Айыл Банк Ачык Акционердик Коому менен Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлүүчү лизинг келишимдеринин шарттары жана лизинг боюнча төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүу шарттарынын аткарылышына кепилдик берүү максатында Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү кепил берүүчү болуп дайындалсын.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын аткарылышын жана Айыл Банк Ачык Акционердик Коому менен түзүлө турган келишимдер, ошондой эле лизинг жана кепилдик келишимдерге кол тамгасын коюу милдети, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго тапшырылсын.
6 Бул токтом Төөлөс айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
7. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдрахмановго тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |