Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №8-2 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Жуманазаров Мыктыбек Эгембердиевичтин Жар-Коргон айылында жайгашкан жеке менчигинде болгон 1800,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 392,0 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын соода саттык коммерциялык багытка өзгөртүп берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Жуманазаров Мыктыбек Эгембердиевичтин арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 27-августундагы № 01-5-1135 корутундусун жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 11-сентябрындагы №2624 корутундусун эске алуу менен айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жуманазаров Мыктыбек Эгембердиевичке тиешелуу Жар-Коргон айылында жайгашкан жалпы аянты 1800,0 (бир мин сегиз жуз) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 392,0 (уч жуз токсон эки) чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытынан коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлгөн бөлүгүнө тиешелүү укуктук жана техникалык документтерди мыйзамда белгиленген тартипте тариздөө жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Нурматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |