Загрузка документа…
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
18.05.2026-ж
Ысык-Көл айыл аймагынын 2026-2027-жылга карата жайыт кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
2026-2027-жылдарга карата жайлоого чыкчу малчылардын кызмат акыларын, жайыттарды пайдалануунун акысы жана айдоо жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул салуу жөнүндө маселени талкуулап Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2026-2027-жылдарга карата жайлоого багуу жана айыл ичиндеги бада акысы төмөнкүдөй бекитилсин: Михайловка айылы.
Бодо мал (уй, жылкы)- 700-800 сом,
Кой-эчки 200 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде) Асыл тукум койлору келишим түрдө.
Бада -500 сом.
2. Ысык-Көл айылы:
Бодо мал (уй,жылкы)- 600-750 сом. Кой-эчки 200 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде) Асыл тукум койлору келишим түрдө.
Бада -500 сом.
3. Ынтымак айылы:
Бодо мал (уй, жылкы)- 700-800 сом. Кой-эчки 200-300 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде) Асыл тукум койлору келишим түрдө.
Бада -500 сом.
4. Тогуз-Булак айылы:
Бодо мал (уй, жылкы) 700-750 сом. Кой-эчки 250-300 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде) Асыл тукум койлору келишим түрдө.
Бада -500 сом.
5. Сары-Булун айылы:
Бодо мал (уй, жылкы)- 700 сом. Кой-эчки 200-300 сом, (тузу, жайыт акысы ичинде) Асыл тукум койлору келишим түрдө.
Бада -500 сом.
6. 500 баш кой баласы, 50 баш бодо жана жылкы малынан кем эмес алып баккан малчыга жайыт билети берилсин.
7. Мал багуу эрежелери төмөндүгүдөй белгиленсин:
2026-2027-жылдардын 20-мартынан баштап айдоо жерлерге мал чыгарууга тыюу салынат;
2026-2027-жылдардын 20-майынан кийин жакынкы жайыттарда мал калтырылбасын;
Ушул токтомдун 3-пунктунда белгиленген эрежелерин бузган мал ээсине жана малчыга айып пул төмөнкүдөй салынсын:
Бодо мал (уй, жылкы) 1 башына 1000 сом
Кой-эчки 1 башына 200 сом
Эшек 1 башына 500 сом
Үй канаттуулары 1 башына 200 сом
8. Ысык-Көл айыл аймагына тиешелүү Михайловка, Ысык-Көл ,Тогуз-Булак, Ынтымак жана Сары-Булун айылдарынын мал жандыктары алыскы жайытка көчүп кетүү жана кайра көчүп келүү мөнөөттөрү төмөнгүдөй бекитилсин:
-Жайлоого жайыттарга малды чыгаруу 2026-2027-жылдардын 25-майына чейин көчүү;
-Жайлоодон көчүп келүү жагы 5-сентябрдан кийин;
-Жайлоого өз убагында көчпөй койгон жана эрте көчүп келип алган малчыларга, жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ысык-Көл айылдык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомду аткарылышын Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Кыдыровго жүктөлсүн.
Төрага О. Мукамбетов