Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-3 | Жаңы-Базар айылы |
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-бел айылынын тургуну Топчубай уулу Тынчтыкбектин Жаны-Базар айылынын Алике участкасынын Баня көчөсүндө жайгашкан жеке менчигинде болгон 1000,0 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын өзгөртүп калкты тейлөө борборуна 2 кабаттуу курулуш куруу жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылынын тургуну Топчубай уулу Тынчтыкбектин арызын карап чыгып, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 03-сентябрындагы №7-01-23/566 корутундусуна, Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылдын 26-майындагы №01-12/422 корутундусуна, Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 01-5-/95 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 09-сентябрындагы №2561 корутундусуна ылайык, Жаны-Базар айылынын Алике участкасында жайгашкан жеке менчигиндеги 1000,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын калкты тейлөө борборуна өзгөртүү жөнүндө, Айыл чарбасы , суу, жер,муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, езгөчө кырдаалдарды алдын алуу. экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун протоколуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н.Исанов атындагы айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылынын тургуну Топчубай уулу Тынчтыкбектин Жаны-Базар айылынын Алике участкасында жайгашкан жеке менчигиндеги 1000,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын калкты тейлөө борборуна өзгертүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө токтомго ылайык калкты тейлөө борборуна өзгөртүлгөн жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Нурматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |