Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-4 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Осмоналиев Алмазбек Шарипович Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигинде болгон 2872,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 256,81 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын окуу борбору багытына өзгөртүп берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Осмоналиев Алмазбек Шариповичтин арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 18-сентябрындагы №01-5-1290 корутундусуна, Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 18-сентябрь № 01-5/360 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы №2622 корутундусуна ылайык, Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 2872,0м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 256,81 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын окуу борборуна өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Осмоналиев Алмазбек Шариповичке тиешелүү Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 2872,0м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 256,81 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын окуу борборуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлгөн бөлүгүнө тиешелүү укуктук жана техникалык документтерди мыйзамда белгиленген тартипте тариздөө жагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |