Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-5 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Болушбек уулу Султанбектин Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигинде болгон 3640,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 262,3 чарчы метр жер тилкесин ичинен унаа тетиктерин сатуучу дүкөн багытына өзгөртүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Болушбек уулу Султанбектин арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 11-июнундагы №07-01-23/325, Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 11-июнь №01-5/147, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 11-августундагы №2166 корутундусуна ылайык, Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 3640,0м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 262,3 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын унаа тетиктерин сатуучу дүкөн курууга өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Болушбек уулу Султанбектин жеке менчигиндеги 3640,0м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 262,3 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын унаа тетиктерин сатуучу дүкөн курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө токтомго ылайык жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |