Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-6 | Жаңы-Базар айылы |
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтү 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде иштелбей калган акча каражаттарын кайра иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелериниy негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 9 ай ичинде иштетилбей калган акча каражаттарын №1 тиркемеге негиз чыгымдоого макулдук берилсин.
2. №1 тиркеменин негизинде иштетилбей калган акча каражаттарын жылдырып иштетүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |