Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-7 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов айыл аймагынын Тескей Кожоке айылында жайгашкан “Ачык Асман Ансар” коомдук фондунун жеке менчигине таандык 636,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов айыл аймагынын Тескей Кожоке айылында жайгашкан “Ачык Асман Ансар” коомдук фондунун жеке менчигине таандык 636,0 чарчы метр жер аянтын жана жалпы аянты 276,22 чарчы метр, жашоо аянты 113,28 чарчы метр турак жай, Ноокат райондук кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду 5-05-10-1006-1081, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамынын 6-беренесине таянып, муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө Айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тескей Кожоке айылында жайгашкан “Ачык Асман Ансар” коомдук фондунун жеке менчигине таандык 636,0 чарчы метр жер аянтын жана жалпы аянты 276,22 чарчы метр, жашоо аянты 113,28 чарчы метр турак жайын, Ноокат райондук кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду 5-05-10-1006-1081 болгон кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Тескей Кожоке айылында жайгашкан “Ачык Асман Ансар” коомдук фондунун жеке менчигине таандык 636,0 чарчы метр жер аянтын жана жалпы аянты 276,22 чарчы метр, жашоо аянты 113,28 чарчы метр турак жайды муниципалдык менчикке алуу үчүн, иш кагаздарын даярдап иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Нурмаматовко жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |