Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-8 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Федоров айылынын тургуну Арапов Жоомарт Жамшитович Федоров айылында жайгашкан жеке менчигинде болгон турак жай багытындагы 1500,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 245,0 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын эл тейлөөчү соода саттык коммерциялык багытка өзгөртүп берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Федоров айылынын тургуну Арапов Жоомарт Жамшитовичтин арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 18-сентябрындагы №01-5-1296 корутундусуна, Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 25-сентябрь №01-5/379 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 29-сентябрындагы №2818 корутундусуна ылайык, Арапов Жоомарт Жамшитовичтин Федоров айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 1500,0м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 245,0 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын эл тейлөөчү соода саттык коммерциялык багытка өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арапов Жоомарт Жамшитовичке тиешелүү Федоров айылында жайгашкан , жеке менчигиндеги 1500,0 м2 жер тилкесинин турак жай багытындагы жер аянтынын ичинен 245,0 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын эл тейлөөчү соода саттык коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө соода саттык багытына өзгөртүлгөн жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |