Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-9 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасындагы жайыт жерине тиешелүү болгон №137 контурундагы 11,0 га жайыт жеринин ичинен 0,68 га жерине социалдык объект (Бала Бакча) куруу максатында аталган жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасына №137 контурундагы 0,68 га жайыт жерине социалдык объект (Бала бакча) куруу жөнүндө Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт адиси Жеңишбек уулу Бектемирдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып,Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасындагы №137 контурундагы 0,68 га жайыт жерине социалдык объект (Бала бакча) курууга жерди тактап тийиштүү мыйзам талаптарын аткаруу менен трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Социалдык объект (Бала бакча) куруу үчүн жайыт жеринин эсебинде турган №137 контурундагы 0,68 га жерди трансформациялоо үчүн, юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |