Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №8-10 | Жаңы-Базар айылы |
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Федоров айылынын атын Күнгөй-Кожоке атына өзгөртүү жөнүндө айыл тургундарынын 2025-жылдын 08-сентябрындагы Федоров айылынын жалпы элдик чогулушунун №1 протоколунун негизинде, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынында каралган Федоров айылынын атын Күнгөй-Кожоке атына өзгөртүү жөнүндөгү чечими канаатандырылсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын аталышы Күнгөй-Кожоке болуп өзгөртүү колдоого алынсын.
3. Федоров айылынын атын Күнгөй-Кожоке атына өзгөртүү үчүн, юридикалык иш кагаздарын даярдап тийиштүү жака сунуштарды берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук, тартибин сактоо жарандардын укугун коргоо туруктуу комиссиясынын төрагас М. Ташбаевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Таирбек уулу |