Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-июну №61
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 17.03.2026-жылдагы №60 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 397-беренесине, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-76-беренелерине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги пайдалануудагы жер аянтарынын (Кз) зоналдык коэффициенти салык кодексине ылайык 1,5 өлчөмдө бекитилсин.
2. Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 08.02.2024-жылдагы №115 токтомунун 2-пунктундагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердеги пайдалануудагы жер аянттарынын (Кз) зоналдык коэффиценти 1,0гө барабар деп кабыл алынган өлчөмү 0,3кө өзгөртүлсүн.
3. Үй-жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна (тамарка) салык 1 сотикке 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Салык кодексинин 411 беренесине негиз төмөнкү категориядагы жарандарга тамарка салыгынан 0,15 га чектик өлчөмдө женилдиктер колдонулсун :
• Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
• кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;
• пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;
• эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адам.
5. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйым жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Коммерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым киши башына жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйым жана коммерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн жыйымдын төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-июль айына чейин ал эми 2027-жылдан баштап калган жылдарга 1-апрель деп бекитилсин.
8. Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |