Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-декабры № 58
“Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын башчысынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын башчысы Д.Бекмуратовдун 2025-жылдын январь айынан баштап,аткарган иштери боюнча Ак-Суу айылдык кеңеши Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын
башчысы Д.Бекмуратовдун 2025-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы
тиркемеге ылайык көңүлгө алынсын.
2. “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасы:
-айыл аймактын калкынын таза суу,жайыт жана тазалык боюнча маселелерин
чечүүнү камсыздасын;
-калкка көрсөтүлгөн кызмат боюнча,ар жылдын февраль айында Ак-Суу айыл
аймагынын калкына жана жыл аягында айылдык кеңешке отчёт берилсин.
3.Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл
чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |