Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-декабры № 60
“Маркумду көмүү жайларын брондоо тарифтери,тартиби жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 5-ноябрындагы №01-18/4928 сандуу катынын негизинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 07-ноябрындагы чыгыш №3/1300 сандуу катын аткарууга алып, Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия курамы:
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
19-августундагы №502 токтомунун 2-пункутун жетекчиликке алгандыгы жана аны менен тааныштырылгандыгы эске алынсын.
-Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамы тааныштырылгандыгы белгиленсин.
-Ак-Суу айыл аймагында көрүстөндөрдү брондоо жана ага тариф бекитүү калк тарабынан жактырылбагандыгы эске алынсын.
-сөөктү жерге көмүү тартиби ата-бабанын,элдин каада салтында көрсөтүлгөн таризде ишке ашырылып жаткандыгы колдоого алынгандыгы белгиленсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана айыл аймактын мечиттеринин имамдары Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамына ылайык санитардык эрежелерди сактоо жана эл ичиндеги салт менен сөөктү көмүү иштерди жүргүзсүн.
4.Бул токтом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба,өнөр жай,жерге
жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия
курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |