Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 62
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтү 2025-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2026-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети жана 2026-2028-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Курбаналиевдин жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө
алынсын .
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы ”канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга калдыгы 2483,5 кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 28218,2 миң сом эсебинде киреше жана 28924,0 миң сом чыгашалары
№ 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 27128,5 миң сом өлчөмүндө № 3,4 тиркемеге ылайык алымча,кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.
5. 2026-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондго, тамак-ашка жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү № 5 тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айыл аймагынан чогулган салыктар,
жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине
топтоштурулуп,чыгымдалышына жетишилсин.
1. 2026-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,соцфонд чегерүү, коммуналдык кызматтарга жана тамак-аш сатып алууга).
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар,коргонуу,соц коргоо,билим берүү жана бала бакчаларга жеңилдиктер Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен чыгарылсын.
3. 1-январь 2026-жылга бюджеттик каражаттардан калган 1777,7 миң сом акча каражаттарынын сметасы № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2026-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
11. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
12. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2026-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң суммасында белгиленсин.
13. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджети 2026-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
14. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.
15. Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
16. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
17. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
18. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |