Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 63
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2026-жылга индикативдик планын бекитүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Д.Бекмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана
2026-жылга индикативдик планын бекитүү боюнча маалыматын жана Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга индикативдик планы бекитилсин.
4. Ак-Суу айыл өкмотүнүн статисти Д.Бекмуратов;
- Ак-Суу айыл аймагы боюнча статтык маалыматтарды так,туура өз убагында
жүргүзүүнү камсыздасын.
5.Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
6.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти
Д.Бекмуратовго,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге
жайгаштыруу,экология жана финансы жаратылышты коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |