Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 64
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтү 2025-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2026-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Курбаналиевдин жана Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети жана 2027-2029-жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндөгү “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин,Кыргыз Республкасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору
тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |