Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 66
Ак-Суу айыл аймагынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө.
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып,ошондой эле Ак-Суу элге кызмат муниципалдык ишканасынын башчысынын билдирүүсүн,Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдүн тарифтери тиркемеге ылайык төмөнкүдөй бекитилсин:
а) үйүнө(ашканасына) киргизген ичүүчү суу пайданалуучулар үчүн;айына 180 сом
өлчөмүндө.
б) көчөдөн,таза суу куурунан ичкендер үчүн:1 айга, бир адмга 12 сом өлчөмүндө.
в) мектеп,бала бакчалар,ФАП,ГСВ 1 айга,бир адмга 12 сом өлчөмүндө.
г) АЗС(заправкалар) дүкөндөр жана ашканалар үчүн: айына 200 сом өлчөмүндө.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 1-январынан баштап,Ак-Суу айыл аймагында
колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |