Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 67
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө.
“ Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө ” Кыргыз Рееспубликасынын Мыйзамына ылайык, “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
34,39-беренелерин жетекчилкке алып,ошондой эле Ак-Суу элге кызмат муниципалдык ишканасынын башчысынын билдирүүсүн,Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып,Ак-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин:
а) калк үчүн6жеке турак үйлөрдө жашагандар-1 айга бир адамдан 20 сом өлчөмүндө.
б) мектептер,бала бакчалар -1 айга бир адамдан 5 сом өлчөмүндө.
в) ФАП тар,ГСВлар-1 айга бир адамдан 20 сом өлчөмүндө.
г) дүкөндөр,коммерциялык обьекттер –айыны 125 сом өлчөмүндө.
2. Курулуш таштандылары,жаныбарлардын кыгы,өлүктөрү,отун жана көмүр күлү,чөп
жана чөптүн калдыктары чыгарылбасын.
3. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылдын “25” февралындагы № 25
“Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө”
токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Таштанды чыгаруу үчүн төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
Ооган согушунун ардагарлери; 1-топтогу майыптар.
5. Ушул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында
жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен
облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |