Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 68
2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча тарифти бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Рееспубликасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчилкке алып,ошондой эле Ак-Суу элге кызмат муниципалдык ишканасынын башчысынын билдирүүсүн,Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып,Ак-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
а) ири мүйүздүү малдын башына- жылына 50 сом өлчөмүндө.
б) майда мүйүздүү малдын башына –жылына 20 сом өлчөмүндө.
в) жылкыларга бир башына – жылына 200 сом өлчөмүндө төлөнсүн.
г) чабар аттарга жана бир жашка чейинки музоолорго акы төлөнбөйт.
айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында
жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана
токтомдун көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Ак-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба,
өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |