Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 71
“Ак-Суу айылындагы “Эгемендүүлүк” орто мектебинин эски имаратын бала бакчага айлантуу менен Кыялкеч деп атоого макулдук берүү жөнундө”.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Келечек үчүн билим” долбоорунун алкагында Ак-Суу айылындагы Эгемендүүлүк орто мектебинин эски имаратын бала бакчага айлантуу менен Кыялкеч деп атоого макулдук берүү жэөнүндө,2026-жылдын 26-январындагы Ак-Суу айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун жана бала бакча башчысы Н.Турдалиеванын билдирүүсүнүн негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2026-жылдын 26-январындагы Ак-Суу айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун жана бала бакча башчысы Н.Турдалиеванын билдирүүсү көңүлгө алынсын .
2. Ак-Суу айылындагы Эгемендүүлүк орто мектебинин эски имаратын бала бакчага
айлантуу менен Кыялкеч деп атоого макулдук берилсин.
3. Балдар бакчасына керектелүүчү документтерин жүргүзүү,мыйзам чегинде тешелүү органдардан каттоодон өткөрүү балдар бакчасынын директору Н.Турдалиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |