Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 72
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айылдарындагы калктуу конуштарындагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып Ак-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамы менен пайдаланууга киргизилген Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин
24- Главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңешинин депутаттарынын каршы добуш бергендигин эске алып, макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Р.Худаяровго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Саматов |