Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 73
“Шалы оруп,жыйноочу комбайн сатып алууга макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл аймагынын калкынын шалыларын (күрүч) оруп,жыйноодо дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен айыл өкмөттүн бюджетин өстүрүү максатында жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шалы оруп,жыйнооч комбайн сатып алууга
өкмөттүн өздүк салымы катары 1 000 000 (Бир миллион) сом акча каражатын
берүүгө макулдук берилсин.
3. Калган керектелүүчү 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом өлчөмдөгү сумма
Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана
финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |