Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-январы № 74
“ Ак-Суу айылынын негизги И.Раззаков көчөсүнө тратуар жасоо үчүн макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айылынын негизги И.Раззаков көчөсүнө 2500 метр аралыкка тратуар жасоо үчүн макулдук берүү жөнүндө жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Ак-Суу айылынын негизги И.Раззаков көчөсүнө 2500 метр аралыка тратуар жасоо үчүн өкмөттүн өздүк салымы катары 6000 000 (алты миллион) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3. Калган керектелүүчү 4 000 000 (төрт миллион) сом өлчөмдөгү сумма
Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтом тиркемеси менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына
жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун
көчүрмөсүн тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана
финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Саматов |