БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь № 1
“Кѳк-Арт ѳрѳѳнү” ассосиация
ишканасын толук жоюуп, эки айыл ѳкмѳт
биргелешип “Таза суу” муниципалдык
ишканасын ачуу боюнча макулдук
берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 17-июнундагы 01-15/158 сандуу “ “Кѳк-Арт ѳрѳѳнү” ассосиация ишканасын толук жоюуп, эки айыл ѳкмѳт биргелешип “Таза суу” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кѳк-Арт ѳрѳѳнү” ассосиация ишканасын толук жоюуп, эки айыл ѳкмѳт биргелешип “Таза суу” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын тѳрагасы М.Караевге жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|