Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь № 2
“Кызыл-Туу айылына шайлоо участкасын ачууга
макулдук беруу жана Кызыл-Туу айылына шайлоо
участкасынын комиссиясынын курамына жана резервке
киргизүү жана шайлоо участкасынын жолунун
схемасын киргизүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы 01-15/163 сандуу “Т.Арзыкулова жалпы билим берүүчү орто мектебинин филиалынын имаратына шайлоо участкасын ачууга жаңы ачыла турган Кызыл-Туу айылындагы шайлоо участкасынын комиссиясынын курамына жана резервке киргизүү жана шайлоо участкасынын жолунун схемасын киргизүү жѳнүндѳ” кайрылуусун кайрылуусун жана Агрардык саясат озгочо кырдаалдар, экология, курулуш ,архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылына шайлоо участкасын ачууга макулдук берилсин жана КызылТуу айылына шайлоо участкасынын комиссиясынын курамына жана резервке киргизүү жана шайлоо участкасынын жолунун схемасын киргизүү боюнча №1 тиркемеге ылайык бекитүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|