Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь № 3
“Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушунда Жала-Абад шаарынын Сузак районунун Багыш айыл ѳкмѳтүнүн
тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында И.Осмоналиев
кѳчѳсүн долбоорго ылайык Барпы-Сафаровка унаа жолун
бириктирүүдѳ долбоорго ѳзгѳртүү киргизүүгѳ макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 18-июнундагы 01-15/160 сандуу “Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушунда Жала-Абад шаарынын Сузак районунун Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында И.Осмоналиев кѳчѳсүн долбоорго ылайык Барпы-Сафаровка унаа жолун бириктирүүдѳ долбоорго ѳзгѳртүү киргизүүгѳ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине сунуш берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Агрардык саясат озгочо кырдаалдар, экология, курулуш ,архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушунда Жала-Абад шаарынын Сузак районунун Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында И.Осмоналиев кѳчѳсүн долбоорго ылайык Барпы-Сафаровка унаа жолун бириктирүүдѳ долбоорго ѳзгѳртүү киргизүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|