Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 30-июнь № 4
“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында
Салык Кодексинин 404 берененин
4 пунктуна таянып Кз –«Зоналык
коэффициенттин өлчөмүн бекитүү
жөнүндө”
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 12-июнундагы 01-15/156 сандуу «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналар жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун негизинде жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында болгон жерлердин салыгын эсептөө үчүн аймактык Кз зоналдык коэффициент бардык Багыш айыл ѳкмѳтүнүн бардык аймактарына 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Багыш айыл аймагында 2026-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
5. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов
|