Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №207
Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун пайдалануучулар үчүн төлөмдөрдүн (тарифтин) өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун натыйжалуу пайдалануу, тейлөө чыгымдарын жабуу жана жергиликтүү тургундар үчүн жашоо шартын жакшыртуу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын тургундарынын коомдук угуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун пайдалануучулар үчүн төмөнкү төлөмдөрдүн (тарифтин) өлчөмдөрү бекитилсин:
- Ак-Терек айыл аймагынын тургундары үчүн жылуу суусуна түшүүнүн тѳлѳм акысы – бир адамга 50 (элүү) сом;
- Башка аймактардан келген жарандар, коноктор жана туристтер үчүн жылуу суусуна түшүүнүн тѳлѳм акысы – бир адамга 150 (жүз элүү) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов