Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №209
Жер тилкелеринин багытын башка багытка ѳзгѳртүүгѳ
(трансформациялоо) сунуштоо жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун 09.06.2026-ж. №01-7-1899 сандуу кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коо айылындагы №571, №587 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 18,1 (он сегиз бүтүн ондон бир) гектар болгон жер тилкесинин ичинен 3,0 (үч) гектар жер аянтын таштанды таштоочу жай (полигон) куруу боюнча “Жайыт жерлер” багытынан, “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жөнүндө сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы №571, №587 контурларында жайгашкан, жалпы аянты 18,1 (он сегиз бүтүн ондон бир) гектар болгон жер тилкесинин ичинен 3,0 (үч) гектар жер аянтын “Жайыт жерлер” багытынан, “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу (трансформациялоо) Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов