Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №210
Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын балансындагы техникаларды Муниципалдык биргелешкен «Тоӊ районун ѳнүктүрүү агенттиги» ишканасынын балансына алууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Муниципалдык биргелешкен «Тоӊ районун ѳнүктүрүү агенттиги» ишканасы тарабынан район аймагындагы ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, ички жолдорду оӊдоо инфраструктуралык маселелерди чечүү жана башка чарбачылык иштерди аткарууда техникалык кѳмѳк кѳрсѳтүлүп жаткандыгын эске алуу менен, ошондой эле муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо, атайын техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын балансында турган тѳмѳнкү техникаларды Муниципалдык биргелешкен «Тоӊ районун ѳнүктүрүү агенттиги» ишканасынын балансына алууга макулдук берилсин:
- Komatsu PS300-8MO үлгүсүндѳгү каз тамандуу эскаватор;
- Shaсman SZL215 үлгүсүндѳгү экскаватор;
- Shaсman Х5000 үлгүсүндѳгү оор жүк ташуучу техника;
- Kunbo маркасындагы SVZ9401TDP үлгүсүндѳгү жарым чиркегич (трал)
2. Муниципалдык биргелешкен «Тоӊ районун ѳнүктүрүү агенттиги» ишканасын ѳткѳрүлүп берилген техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланып, техникалардын сакталышын жана техникалык абалын камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов