Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №211
Ак-Терек айыл аймагындагы жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык, айыл аймагындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана ветеринардык тейлөөнүн бирдиктүү тартибин камсыз кылуу максатында, Тон райондук бириккен жеке ветеринардык адистер уюму тарабынан бекитилген жеке ветеринардык адистер тарабынан көрсөтүлгѳн акы тѳлѳнүүчү кызматтардын бааларын карап чыгып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Тон райондук бириккен жеке ветеринардык адистер уюму тарабынан бекитилген жеке ветеринардык адистер тарабынан көрсөтүлгѳн акы тѳлѳнүүчү кызматтардын сунушталган бааларынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин жана Ак-Терек айыл аймагындагы жеке ветеринарларга колдонууга берилсин.
2. Ак-Терек айыл аймагындагы жеке ветеринарлар көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү бекитилген баалардын негизинде жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов