Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №213
Жер тилкелеринин багытын башка багытка ѳзгѳртүүгѳ
(трансформациялоо) сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, айыл аймагындагы жерлерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана жер маселесин кароо максатында, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун 09.06.2026-ж. №01-7-1900 сандуу кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Көл-Төр айылындагы №25 контурда жайгашкан, жалпы аянты 96 гектар болгон жер аянтын турак жай куруу боюнча “Жайыт жерлер” багытынан, “Калктуу конуштар” багытына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жөнүндө сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Көл-Төр айылындагы №25 контурда жайгашкан, жалпы аянты 96 гектар болгон жер аянтын “Жайыт жерлер” багытынан, “Калктуу конуштар” багытына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов