Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №214
Коңур-Өлөң жана Көл-Төр айылдарынын ортосундагы сайга сууну нукка салуучу курулма куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарына ылайык, айыл аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуу, табигый кырсыктардын алдын алуу, жер кыртышынын бузулушун жана сел-кыян коркунучун азайтуу максатында маселени карап чыгып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коңур-Өлөң жана Көл-Төр айылдарынын ортосундагы сайдагы кыяндын алдын алуу жана жер кыртышынын бузулушун болтурбоо максатында, сууну нукка салуучу курулма куруу иштери жүргүзүлсүн.
2. Аталган курулуш иштерин жүргүзүү үчүн керектелүүчү чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бюджетинин «Капиталдык салымдар» беренесинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов