Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №215
Айыл аймагындагы жарактан чыккан кудуктарды (скважиналарды) калыбына келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарына ылайык, айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында, жарактан чыккан кудуктарды(скважиналарды) кайра ишке киргизүү маселесин карап чыгып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасы А.А.Мамбетовдун сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы жарактан чыккан кудуктарды(скважиналарды) калыбына келтирүү, оңдоо жана кайра пайдаланууга берүү боюнча иштери жүргүзүлсүн.
2. Аталган иштерди каржылоо үчүн керектелүүчү чыгымдар Кыргыз Республикасынын бюджетинин «Капиталдык салымдар» беренесинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов