Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №218
Айыл аймагындагы ички жолдорду асфальттоо иштерин каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарына ылайык, айыл аймагындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу, калктын жашоо шарттарын көтөрүү жана ички жолдордун сапатын жакшыртуу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин тѳрагасы А.А.Мамбетовдун сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы Сабитжан көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Аталган иштерди каржылоо үчүн керектелүүчү чыгымдар Кыргыз Республикасынын бюджетинин «Капиталдык салымдар» беренесинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов