Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №219
Комсомол айылындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкесине кошумча имарат куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарына ылайык, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, кайрымдуулук багытындагы иштерди колдоо жана жарандардын коомдук муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун 09.06.2026-ж. №01-7-1907 сандуу кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылындагы мечиттин күн батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер аянтына Катар кайрымдуулук уюму тарабынан кошумча имарат (хужра) курууга макулдук берилсин.
2. Кошумча имаратты куруу үчүн жер тилкесин пайдалануу маселеси Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Курулуш иштерин жүргүзүүдө тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынып, архитектуралык-курулуш талаптары сакталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов