Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №220
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сыйлыктары жѳнүндѳ
Жобосун бекитүү
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын баяндоосунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сыйлыктары жѳнүндѳ Жобосун бекитип берүү боюнча сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сыйлыктары жѳнүндѳ Жобо тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин ______чакырылышынын _____сессиясында
«____»____________20____-жылы бекитилген.
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө
Ж О Б О
1.Жалпы жоболор.
2.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамы.
3.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
4.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ыраазычылык барагы.
5.Сыйлыктарга көрсөтүү тартиби.
6.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшыруу тартиби.
7.Сыйлыкка көрсөтүлгөн атуулдардын керектүү документтери.
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары атуулдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымын таануу формасы болуп саналат.
2.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары болуп «Ардактуу атуул» наамы жана Ардак Грамота эсептелет.
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамынын ээлерине төш белги жана күбөлүк берилет.
Күбөлүктүн, төш белгилердин жана аларга камтылган маалыматтардын үлгүлөрү айылдык Кеңештин сессиясында бекитилет.
3.«Ардактуу атуул» наамын жана төш белгилерди тапшыруу, Ардак Грамота менен сыйлоо атайын түзүлгөн сыйлык боюнча комиссиянын аныктамасына ылайык айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде ишке ашырылат.
4.Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме – ишканаларынын жогорку квалификациядагы кызматкерлери, Ак-Терек айыл аймагынын жарандары :
- айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, коомдук өндүрүштүн эффективдүүлүгүнүн өсүшүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылоо булактарынын өсүшүн бекемдөөгө;
- айылдык инфраструктураны жакшыртуу жана өнүктүрүүгө;
- коомдук иштерге активдүүлүгүн көрсөтүп, айылдын түптөлүшүнө;
- жаш муундарга адеп-ахлактык жана маданияттулукту жогорулатууга;
- илим, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн сыйланат.
II. Ак-Терек айыл аймагынын Өкмөтүнүн
«Ардактуу атуул» наамы
1. Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамы айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана чарбалык иштерде билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында, эл арасындагы ынтымактуулукту коргоого жана чыңдоого кошкон зор салымы, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн айыл аймагында 15 жылдан кем эмес жашаган тургундарына ыйгарылат.
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамы айыл аймактын өнүп-өсүшүнө кошкон өзгөчө эмгеги үчүн чет өлкөлөрдүн жарандарына жана айыл аймакта жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылышы мүмкүн.
2. Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эмгеги сиңген жарандарына берилүүчү «Ардактуу атуул» төш белгиси эки элементтен турат. Төш белгинин үстүнкү элементи ромбу түрүндө болуп, Кыргыз Республикасынын желеги чагылдырылган. Алдыңкы элементи тоголок формада болуп, үстүнкү жагында эки тоо көрсөтүлүп, ортосунан күндүн чыгышы белгиленген. Ортосунда «АРДАКТУУ АТУУЛ» деген жазуу чоң тамгалар менен жазылып, тегереги лавр жалбырагы бутагы жана буудай сабагы менен курчалган.Төш белгинин үстүнкү элементинин артында төш белгини бекитүүчү төөнөгүч жасалган. Төш белгинин экинчи бетинин үстүнкү жагында тоо көрсөтүлүп, алдыңкы жагына кыргыздын оймосу түшүрүлүп, ортосунда «Тоң району, Ак-Терек айыл аймагы» деген сөз жазылган. Төш белгинин алдыңкы элементи алтын сымал түс менен боелгон.
3.Төш белгиге атайын күбөлүк жазылып, өзүнчө каттоо жүргүзүлүп, учетко алынат. Күбөлүк айыл өкмөтүнүн мөөрү менен бекитилип, айыл аймактын айыл өкмөтүнүн башчысынын кол тамгасы менен бекитилет.
4. «Ардактуу атуул» наамы айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, мекеме-ишканалардын эмгек жааматтарында каралып, өзгөчө сиңирген эмгеги көрсөтүлгөн сунушу айыл аймактын айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиясына жиберилет.