Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №222
Жер тилкелеринин багытын башка багытка ѳзгѳртүүгѳ
(трансформациялоо) сунуштоо жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын түндүк тарабында жайгашкан №330-контурдун ичинен 0,50 га жер аянтына балык өстүрүүгө “Жайыт жерлер” багытынан, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жөнүндө сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын түндүк тарабындагы №330-контурунда жайгашкан жердин ичинен 0,50 га жер аянтына балык өстүрүүгө жер аянтын “Жайыт жерлер” багытынан, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу (трансформациялоо) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов