Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVI КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 23-декабры № 16/3
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан
Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 22-декабрындагы элдик жыйындын №14 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XVI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 735 000 (бир миллион жети жүз отуз беш мин) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
2. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Өзгөрүшөва |