Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН X КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 3-ноябры № 12/5
2025-2030-жылдарга Жан-Булак айыл аймагын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жылдын №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIII кезексиз сессиясы токтом кылат;
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Жан-Булак айыл аймагын комплекстүү социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
3) Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркӗмеге ылайык;
4) Мамлекеттик программанын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Өзгөрүшова |