Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 11-ноябры № 13/4
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айлында жайгашкан Достук орто мектебинин алдын брусчаткалоо жана тегерегин тосуу максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 25% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын ХIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3 929125 (үч миллион тогуз жүз жыйырма тогуз мин бир жүз жыйырма беш ) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук орто мектебинин алдын брусчаткалоо жана тегерегин тосуу боюнча долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 982 300 (тогуз жүз сексен эки мин үч жүз) сом акча каражаты 2026-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевге жана бөлүм башчынын милдетин аткаруучу Чокоева Наргизага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Өзгөрүшова |