Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 14-декабры № 14/1
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/2 «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/2 «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/2 «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдору менен бекитилген сметада башка чыгымдарга деп каралган 247300 (эки жүз жыйырма жети мин үч жүз) сом тѳмѳндѳгүлѳргѳ жылдырылсын.
- АУПка Жан-Булак айылынын кире беришиндеги арканын жарыктандыруусуна 70000 (жетимиш мин)сом акча каражаты жылдырылсын.
- Жан-Булак айылындагы Ж. Ишеналиев атындагы клубунун жылытуу системасын жакшыртууга атайын электр тогу менен жылытуучу, электр энергиясын үнѳмдѳѳчү жылыткычтарды алууга 92000 (токсон эки мин) сом жылдырылсын.
- Жан-Булак айылындагы А. Жутакеев орто мектебинин ѳрткѳ каршы сигнализациясын орнотууга кошумча 85300 (сексен беш мин үч жүз) сом жылдырылсын.
2. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Өзгөрүшова |