Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-декабры № 15/1
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айылында жайгашкан Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 18-декабрындагы элдик жыйындын №09 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү мин ) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
2. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Өзгөрүшова |