Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 17-15 буйрйгу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Электр менен камсыздоочу уюм менен кардардын ортосунда
керектелген электр энергиясы үчүн каржылоолук эсептешүүлөрдө эске
алынуучу трансформаторлордо, зымдарда жана электр өткөрүүчү
каптама зымдын чубалгыларындагы электр энергиясынын
жоготууларын эсептөө Усулдамасы
Бишкек-2026
Электр менен камсыздоочу уюм менен кардардын ортосунда
керектелген электр энергиясы үчүн каржылоолук эсептешүүлөрдө эске
алынуучу трансформаторлордо, зымдарда жана электр өткөрүүчү каптама
зымдын чубалгыларындагы электр энергиясынын жоготууларын эсептөө
Усулдамасы
Бул Усулдама иштөөдөгү электр энергиясын пайдалануу эрежелерине толуктоо болуп саналат.
Усулдама Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы №167 «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамына, Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ченемдик-техникалык документтерине ылайык иштелип чыккан.
Усулдама Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту тарабынан кайра иштелип чыгып, толукталган (жалпы редакциясы: т.и.к. Айткулов М.А., долбоордун жетекчиси Турдакунов К.С., илимий кызматкерлер Бакытаева К.К., Соодонбекова Ш.С., Бусурманова Г.Б., Джолоев М.К.) жана төмөнкү уюмдар тарабынан жактырылган:
– «Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААКнын Техникалык кеңеши;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Илимий-техникалык кеңеши.
Усулдама Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын _______________ №_____ буйругу менен бекитилип, колдонууга киргизилген.
Мазмуну
1. | Жалпы жоболор | - 3 |
2. | Эки оромдуу трансформаторлордо төлөм акыларда эске алынбаган электр энергиясынын жоготууларын аныктоо | - 3 |
3. | Эки оромдуу трансформаторлордо электр энергиясынын жоготууларын эсептөө усулдамасы | - 4 |
4. | Санирэткилерди колдонуу | - 6 |
5. | Зымдарда жана каптама зымдын чубалгыларында электр нергиясынын жоготууларын эсептөө ыкмасы | - 7 |
6. | Санирэтки № 1 – 11 | - 8 - 41 |
1. Жалпы жоболор
1.Бул Усулдама иштөөдөгү электр энергиясын пайдалануу эрежелерине толуктоо болуп саналат.
2. Эки оромдуу трансформаторлордо төлөм акыларда эске алынбаган
электр энергиясынын жоготууларын аныктоо
2. Эки оромдуу трансформаторлордо төлөм акыларда эске алынбаган электр энергиясынын жоготууларынын көлөмүн аныктоо үчүн 1–11- санирэткилерде келтирилген маалыматтарды жетекчиликке алуу зарыл.
3. Эсептөө жоготуулардын активдүү жана реактивдүү курамдык бөлүктөрү боюнча жүргүзүлөт.
4. Санирэткилерде жоготууларды эсептөө чектелген чоңдуктагы чыңалуусу Uн = 10/0,4 кВ болгон, кубаттуулугу 25тен 2500 кВАга чейинки эки оромдуу трансформаторлор үчүн жүргүзүлгөн.
5. Трансформаторлордо жоготууларды эсептөөдө кыска туташуу жоготууларынын (Ркз) маанилери оромдордун туташуу түзмөлөрү жана топтору жылдыз – жерге туташтырылган нейтралдуу, нөл өткөргүчү чыгарылган жылдыз (Y/Yн-0) болгон учурлар үчүн алынган. Эгерде кубаттуулугу 250 кВАга чейинки күч трансформаторлорунун оромдору Y/Zн-11 түзмөсү боюнча туташтырылса, (Ркз) мааниси 15%га көбөйтүлөт.Эгерде кубаттуулугу 400төн 630 кВАга чейинки күч трансформаторлорунун оромдору Δ/Yн-11 түзмөсү боюнча туташтырылса, (Ркз) мааниси 10%га көбөйтүлөт.
6. Трансформаторлордо жоготууларды эсептөөдө курулай иштөөдөгү жоготууларынын (Рxx) маанилери трансформаторлордун магнит өткөргүчтөрү муздак прокатталган электротехникалык болоттон жасалган, «А жоготуулар деңгээли» болгон учурлар үчүн алынган.
7.Трансформаторлордо жоготууларды эсептөөдө күчтүк трансформаторлорунун түзүлүшүнө тиешелүү ченемдик иш кагаздар колдонулган.
8.Трансформаторлордун эсептөөлөрү эки муундагы чыгарылыш үчүн жүргүзүлгөн: 1996–2000-жылдар жана 2015–2025-жылдар.
9. Эсептөөлөр трансформатордун жүктөмүн 5% кадам менен, жүктөмдүн 5%дан 100%га чейинки ортосунда жүргүзүлгөн.
3. Эки оромдуу трансформаторлордо электр энергиясынын
жоготууларын эсептөө усулдамасы
10. Кардардык эки оромдуу трансформатордо электр энергиясынын жоготууларын эсептөө үчүн төмөнкү маалыматтар талап кылынат: